Томсон эффектиси

Википедия дан

Томсон эффектиси - температураcы бардык бөлүгүндө бирдей болбогон өткөргүч аркылуу ток өткөн учурда Жоуль-Ленц мыйзамы боюнча бөлүнүүчү жылуулуктан тышкары, кошумча жылуулуктун бөлүнүшү же жутулушу.

1856-ж. британиялык физик У. Томсон ачкан. Томсон эффектисиндеги жылуулук саны ток күчү (/), убакыт (t), температуранын айырмасы (Т^-Т^) жана токтун багытына көз каранды. Төмөнкү формула менен аныкталат: ,Q=S(rı-T2^/l. Мында, S - Томсон коэфф-и. Томсон эффектиси термоэлектрдик кубулуштардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4