Том Хиддлстон

Википедия дан
Том Хиддлстон

Томас Уильям Хиддлстон (англ. Thomas William Hiddleston; 1981-жылы 9-февраль) – англиялык актер, продюсер жана музыкант. Чыгармачылыгынын башында Хиддлстон Уэст-Эндтин "Цимбелин" (англ. Cymbeline, 2007) жана "Иванов" (англ. Ivanov, 2008) театр көрсөтмөлөрүндө роль аткарган. Актер "Цимбелин" пьесасында аткарган ролу үчүн Лоуренс Оливье атындагы сыйлыктын "Жаңы баштоочу актер" номинациясына татыган, ушул эле сыйлыкка актер "Отелло" (англ. Othello) пьесасында Кассионун ролун аткарып татыган.

Хиддлстон Marvel франшизасында Локинин ролун аткарып кеңири таанымал болгон, ошентип актер "Тор" (англ. Thor, 2011), "Өч алгычтар" (англ. The Avengers, 2012), "Тор: Караңгы дүйнө" (англ. Thor: The Dark World, 2013) жана "Тор: Рагнарек" (англ. Thor: Ragnarok, 2017) тасмаларда тартылган. 2011-жылы актер "Империя" сыйлыгынын "Эң мыкты жаңы баштоочу актер" номинациясына татыган жана BAFTA Rising Star Award сыйлыгынын талапкери болгон. Ошондой эле Хиддлстон Стивен Спилбергтин "Согуш аты" (англ. War Horse, 2011) тасмасында, "Терең көк деңиз" (англ. The Deep Blue Sea, 2011), "Париждеги түн ортосу" (англ. Midnight in Paris, 2011), Би-Би-Синин "Генрих IV" (англ. Henry IV) жана "Генрих V" (англ. Henry V) серияларында жана вампирлер жөнүндөгү "Сүйгөн жүрөктөр гана тирүү калат" (англ. Only Lovers Left Alive, 2013) романтикалык тасмада тартылган.

2013-жылдын аягында 2014-жылдын башында актер Donmar Warehouse театрда коюлган "Кориолан" (англ. Coriolanus) пьесада башкы ролду аткарган, ошону менен актер Evening Standard Theatre Award сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына татыган. 2015-жылы актер Гилермо дел Торонун "Кочкул кызыл кыл чоку" (англ. Crimson Peak) тасмасында, Бен Уитлинин "Бийиктик" (англ. High Rise) тасмасында тартылып, "Мен жарыкты көргөм" (англ. I Saw The Light) өмүр баяндык тасмада кантри жанрынын ырчысы Хэнк Уильямстын ролун аткарган.

2016-жылы актер AMC жана Би-Би-Си каналдарындан берилген "Түнкү башкарма" (англ. The Night Manager) телесериалында тартылып аткаруучу продюсери болгон, ошону менен актер прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Чакан телесериал же тасманын эң көрүнүктүү башкы актеру" жана "Эң көрүнүктүү чакан теллесериал" номинацияларына татыган, ошондой эле Хиддлстон биринчи жолу "Алтын глобус " сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына татыган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]