Том жана Жерри

Википедия дан
Том менен Жерри‎»‎ барагынан багытталды)
Том жана Жерри
Жанры

Комедия

Режиссёру

Уильям Ханна

Композитору

Скотт Брэдли

Студиясы

Metro-Goldwyn-Mayer

Өлкө

АКШ

Тили

англис тили

Tom and Jerry

"Том жана Жерри" (англ. Tom and Jerry) — 1940-жылы Уиллием Ханна жана Жосеф Барбера тарткан америкалык анимацияланган кыска метраждуу сериал. Анда мультфильмдеги баш каармандар, Том жана Жерринин ортосундагы атаандаштык чагылдырган. Ошондой эле көптөгөн башка каармандардын катышуусундагы комедиялуу мультфильм.

Сериалдын түп-нуска чыгарылышында, Ханна менен Барбера 1940-1958-жылдардын аралыгында Metro-Goldwyn-Mayer үчүн 114 сериал тартышкан. "Том менен Жеррини" көрсөтүү учурунда ал "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты кыска метраждуу анимация" наамын жети жолу жеңип алган. Ошондой эле көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон Walt Disneyдин "Акылга сыйбаган симфониялар" мультфильми менен биргеликте сыйлыктардын саны боюнча эң алдыңкы орунду ээлешкен. 1958-жылы MGM мультфильм тартуучу студия жабылгандан кийин, MGM, Жин Дайч менен биргеликте 1961-1962-жылдардын аралыгында Rembrandt Films үчүн кошумча 13 "Том менен Жерри" мультфильмин тартышкан. Жаңы чыгарылышы чыккандан кийин "Том менен Жерри" сериалы "Луни Тюнстан" (англ. Looney Tunes) да ашып эң көп киреше тапкан кыска метраждуу мультфильмдердин бирине айланган. Андан соң 1963-1967-жылдардын аралыгында.Чак Жонс Sib-Tower 12 Productions менен биргеликте кошумча 34 жаңы сериясын тарткан. Андан кийин да "Чоңүй мышыгы" (англ. The Mansion Cat, 2001), "Карате күзөтчүсү" (англ. The Karate Guard ,2005) жана "Акча чогултуучу жорук" (англ. A Fundraising Adventure, 2014) үч жаңы серияны тартуу менен жалпысынан 164 серия болгон. Ошондой эле 1990-жылдан бери өлкө ичинде ""Том менен Жерриге" арналган телеберүүлөрү жайылтылып келет.

1975-жылы "Том менен Жерри берүүсү", 1980-1982-жылдардын аралыгында "Том менен Жерри Комедиялуу берүүсү", 1990-93-жылдары "Том менен Жерри балдар", 2006-08-жылдардын аралыгында "Том менен Жерри жомоктору", 2014-жылдан азыркыга чейин "Том менен Жерри берүүсү" уланууда. 1992- жылы алгачкы толук метраждуу "Том менен Жерри" тасмасы чыккан, ал эми 2002-жылы түзмө-түз видео тасма чыккан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]