Тониукук

Википедия дан

Тониукук (Tonjuquq, 646-724) - саясий жана аскер ишмер; Экинчи Чыгыш Турк кагандыгынын (679-744) кол башчысы.

Кулпгегиндин кеңешчиси. Тониукукка арналган эстеликти 1897-ж. Тола («Torla ügüz») суусунун (Монголия) оң жээгинен E. Н. Клеменц таап, аны алгач В. В. Радлов которгон (1898). Эстеликте руникалык жазуулар жана орнаменттер менен кооздолгон мраморлор, адам кейпин чагылдырган сегиз балбал таш ж. б. турат. Руникалык жазуулар Тониукуктун түргөштпөргө, карлуктарга, кыргыздарга ж. б. каршы жүрүшүн баяндайт. Тониукук учурунда Тан империясынын борбору Чаньан шаарынан билим алган. 630-жылдан Кытайга көз каранды .болгон түрктөр, өз кагандыгын кайра калыбына келтирүү үчүн 679-ж. Тан империясына каршы көтөрүлүш чыгарган. 682-ж. Элтерис (Кутлуг) каган (682-93) башында турган түрктөр жаңы кагандык түзүп, Тониукук анын башкы кеңешчиси болуп калган.

Кагшган кагандын (693-716) тушунда аскер башчы катары Борбордук Азияда түрктөрдүн бийлигин калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон. 709-ж. Саян тоолору, Енисей өрөөнүндө жашаган кыргыз, чик, аздарга каршы жүрүшкө чыгып, аларды жеңип алган (к. Барсбек). Тониукуктун эстелигинде: «Табгач (Кытай) каган жообуз эле, он ок каганы жообуз эле, өзгөчө Кыргыз каганы күчтүү жообуз болду...» деп жазылган. Тониукуктун жетекчилиги менен кыргыздар, түргөштөр, кытайлар (табгачтар) Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына баш ийдирилген. Кээ бир түрколог окумуштуулар (мис., Али У. Элёве, С. Г. Кляшторный) Тан династиясынын (б. з. 618-907) тарыхындагы (Тан-шу) түрк кол башчысы Юаньчжень менен Т. бир киши болгон деген пикирди колдошот. Мис., байыркы түрк тилиндеги «тон» жана кытай иероглифи боюнча «юань» бир зле «тун уул (улуу бала)» деген түшүнүктү билдирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4