Тони Моррисон

Википедия дан
Тони Моррисон (2008).

Тони Моррисон (англ. Toni Morrison; төрөлгөндөгү аты: Хлоя Арделия Уоффорд; 1931-жыл 18-февраль - 2019) — америкалык жазуучу, редактор, мугалим жана Принстон университетинин ардактуу эс алуудагы профессору.

Моррисон "Белавд" (англ. Beloved) чыгармасы менен 1988-жылы "Пулитцер" жана Америка китеп сыйлыктарын утуп алган. Бул роман 1998-жылы окшош аталыштагы тасмага ылайыкташтырылып тартылган (Опра Уинфри менен Дэнни Гловер ролдорду аткарышкан). Моррисон 1993-жылы адабият боюнча "Нобел" сыйлыгына татыган. 1996-жылы Гуманитардык илимдер боюнча улуттук фонд аны Жефферсон лекциясына тандап алган. Бул АКШнын федералдык өкмөтүнүн гуманитардык илимдер жаатындагы эң жогорку ардактуу сыйлыгы болуп саналат. Американын адабиятына кошкон өзгөчөлөнгөн салымы үчүн ал 1996-жылы Улуттук китеп фондунун медалы менен сыйланган. Моррисон Маргарет Гарнер деп аталган жаңы операга либретто жазып, ал алгачкы жолу 2005-жылы аткарылып чыккан. 2012-жылы 29-майда АКШнын президенти Барак Обама Моррисонго президентик "Азаттык" медалын ыйгарган. 2016-жылы Американын көркөм адабиятындагы жетишкендиктери үчүн ал ПЕН/Саул Беллоу сыйлыгын алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]