Тооктор менен короз

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—15 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир катар болушуп турушуп, оюнга жетекчи (короз) шайлашат, ал калган оюнчулардан (тооктор) 10—15 м аралыкка уктап калгандай болуп жатат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катарда турган оюнчулардын бирөөсү «короз» ойгонду дегенден кийин, «короз» «тоокторду» (оюнчуларды) өзүнө «кукареку» деп чакырганда, «тооктор» колдорун жайышып жана өйдө-ылдый шилтешип, буттарынын учу менен жүгүрүшүп келишип, «короздун» тегерегинде чогула башташат. «Короз» экинчи жолу «кукареку» дегенде «тооктор» кайрадан тез ордуларына барып турууга аракеттенишет. Акырында калган же ордуна эң кийин барып турган оюнчу, «короз» менен орун алмашышат. Андан кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, каалаган убакытка чейин ойношот. Өз убагында ордуна барып турган оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, «короздун» чакыруусунан мурда ордуна барып турууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Ылдамдык тарбияланат, көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]