Тоолук-Саргата ойдуңу

Википедия дан

Тоолук-Саргата ойдуңуИчки Теңир-Тоодо Кетмен-Төбө өрөөнүндө жайгашкан. Узундугу 40 км, таманынын эң жазы жери 6 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1500–2200 м, эң жапыз жери 1100 м (Саргата кыштагы.), бийик жери 4041 м (Суусамыр кырка тоосунда). Суусамыр кырка тоосунун түштүк этегинде чыгыштан (Тер-Жайлак ашуусунан; бийиктиги 2476 м) батышты (Торкен-Ничке-Сай суу бөлгүчүнө чейин) карай созулуп, Торкен, Тоолук сууларынын ортоңку агымындагы жана алардын куймаларындагы бир нече туюк ойдуңдарды камтыйт. Түштүгүндөгү Нарын дарыянын өрөөнүнөн орто бийик (1600-3105 м) тоо аркылуу бөлүнөт. Чыгышы Тоолук, батышы Саргата ойдуңу деп аталат. Саргата Суусамыр кырка тоосунун тармактары аркылуу Кышан-Суу, Бел-Алды, Тоолук—Туздуу-Суу, Зындан, Мазар-Суу өрөөндөрүнө бөлүнөт. Ойдуңдун таманы тектирлүү.

Климаты кургакчыл, континенттик, январдын орточо. температурасы —15°С, июлдуку 14°С; жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ойдуңга талаа жана бадал-токой аралашкан шалбаалуу талаа (2800 мге чейин), андан жогору субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү. Чарбада жайыткатары пайдаланылат. Ойдуң аркылуу автомобиль. жолу өтөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстандын географиясы. Мамлекеттик тил коммиссиясы”. Бишкек-2010