Тоолуу шория

Википедия дан

Тоолуу шорияРФтин Кемеров областынун түштүгүндөгү табигый аймак.

Түштүк Сибирдин тоолорунда, Томь д. менен анын куймаларынын алабында жайгашкан. Алтай жана Саян тоолорунун келтешкен жериндеги орто бийиктиктеги кырка тоолор менен массивдердин системасы. Бийикт. 1614 мтв (Каратал тоосу) чейин. Калталдарында байтерек-кызыл карагайлуу түнт тайга өсөт. Ылгоого оңой магнетит кенташы (Таштогол, Шерегеш ж. б.) казылыд алынат. 1989-ж. Шор улуттук табигый ларкы уюшулган. Too лыжа туризми өнүккөн. Калкынын негизин Алтайдагы байыркы элдердин бири - шорлор түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4