Мазмунга өтүү

Топохимиялык реакциялар

Википедия дан

Топохимиялык реакциялар - катуу фазалар аралыгында жүрүүчү хим. реакциялар.

Топохимиялык реакцияларга кристаллгидраттардын дегидратациясы, кычкылдардын калыбына келүүсү ж. б. мисал болот. Мындай реакция катуу нерсенин реакцияга эң жөндөмдүү жеринен башталып, андан ары уланат. Анын ылдамдыгы кристаллдын кемтигине жана кристалл торчосун түзгөн ион, атом же молекулалардын аз кыймылдуулугуна, ошондой эле реакциядан пайда болгон заттын катализаторлук таасирине байланыштуу жана кристаллды жарыктандыруу менен күчөтүлөт. Топохимиялык реакциялар практикада кеңири колдонулат. Күйгүзүү (бышыруу), калыбына келтирүү, карапа, отко чыдамдуу заттарды, ферриттерди алуу ж. б. процесстер, ошондой эле жарым өткөргүч материалдарды синтездее жана тазалоо да Топохимиялык реакцияларга кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.