Топтук жумуштар

Википедия дан

Топтук жумуштар (групповая работа) – окуучулардын, студенттердин окуу ишмердигин уюштуруунун бир формасы. Ал жекече, жуптук ж-а фронталдык жумуштар м-н айкалыштырылып колдонулат.

Топтук жумуштарынын звенолук, бригадалык кооперацияланган топтук ж-а дифференцияланган топтук деген түрлөрү бар. Окуу иштеринин звенолук формасында окуучулардын топтору туруктуу болот. Бригадалык форма аркылуу белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн түзүлгөн окуучулардын, студенттердин убактылуу тобунун иш-аракети уюштурулат. Кооперацияланган ар бир топ жалпы тапшырманын кандайдыр бөлүгүн аткаруу үчүн түзүлөт. Дифференцияланган топтор мугалим (окутуучу) тарабынан окуучулардын (студенттердин) окуу жөндөмдүүлүгү, өздөштүрүү деңгээли, окуу көнүм-дөрүнүн калыптанышы, таанып-билүү процесстеринин жүрүшүнүн ылдамдыгы ж.б. белгилер б-ча түзүлөт.

Кийинки учурларда окуу жумуштарын чакан топтордо (3–5 адам) жүргүзүү көбүрөөк колдонулууда. Чакан топтордо окуу иш-аракеттерин уюштуруу бир катар артыкчылыктарга ээ: негизги турмуштук көндүмдөрдү (башкаларды уга билүү, өзүн башкалардын ордуна коёо билүү, өзүнүн пикирин жүйөөлөрдү келтирүү м-н жактоо, чыр-чатактарды чечүү, жалпы максатка жетүү үчүн биргелешип иштөө ж. б.) калыптандырат; сабакты өздөштүрүү жакшырат; өзүн өзү урматтоого тарбиялайт; атаандаштыктын терс жактарынан качууга мүмкүнчүлүк түзүлөт; окуучулар өз ара жардамдашуунун баалуулугуна ынанышат. Чакан топтордогу жумуштун төмөнкүдөй жалпы белгилерин бөлүп көрсөтүүгө болот: топтун мүчөлөрүнүн бардыгынын жалпы, бирдиктүү максатынын болушу; аткарыла турган жумуштардын ж-а милдеттердин бөлүнүшү; кызматташтык ж-а өз ара жардам көрсөтүү; топтун ар бир мүчөсүнүн активдүү катышуусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6