Топурак-Бел
Топурак-Бел — "Манас" эпосундагы топоним. Кыргыздар жана аларга жамаатташ уруулар мекендеген жерлердин бири. Алайда жаткан кыргызга Шооруктун кошуну кол салганда Манас:
Анжыяндын боорунан
Адам калбай келсин деп,
Топурак-Бел, Кара-Суу
Ортосу Оган дабаны,
Орчун шаар Анжыян,
Тез келсин деп аларды (Сагымбай Орозбаков, 2. 206) чакыртканда айтылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4