Топурак картасы

Википедия дан
Топурак картасы (Нигерия).

Топурак картасы - топурактын жер бетине таралышын, анын өзгөчөлүгүн жана касиетин баяндайт.

Түзүлүшүнө карата төмөндөгүчө бөлүнөт. Жалпы картада топурактын географиялык таралышынын генезистик тобу классификацияланат; топуракмелиорация картасында топурактын мелиорация өзгөчөлүгү (туздун, таштын болушу, чыпкалоо жөндөмдүүлүгү); топурак-эрозия картасында топурактын эрозияга чалдыгышы, анын өлчөмү көрсөтүлөт. Булардан башка агрохим. картограмма түзүлүп, анда топурактын касиети, туздуулугу, кислоталуулугу ж. б. белгиленет. Масштабы боюнча Топурак картасы деталдуу (1:5000 жана андан жогору), ири масштабдуу (1:10000-1:50 000), орто масштабдуу (1:100 000-1:300 000), кичине масштабдуу (1:500 0001:2 000000), жалпылама (1:2 500 000, андан да кичине) болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.