Топурак фаунасы

Википедия дан

Топурак фаунасы — топуракта тиричилиги убактылуу же жеке өөрчүүсүнүн белгилүү бир стадиясы өтүүчү жаныбарлар жыйындысы.

Топуракта ар түрдүү микроорганиздер (бактериялар, балырлар, козу карындар), көптөгөн омурткасыздардын өкүлдөрү (жөнөкөйлөр, курттар, моллюскалар, курт-кумурскалар, алардын личинкалары) жана жер казуучу омурткалуулар (сокур чычкан, суур ж. б.) жашайт. Топурак фаунасы адатта 20-30 см терендикке чейин кезигет. Топурак фаунасы топуракты пайда кылуунун негизги фактору, себеби топурактын күрдүүлүгүнүн калыптанышына чоң таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4