Торит

Википедия дан

Торит - циркондор тобундагы минерал, торийдин силикаты, ThSi04. Өтө сейрек, бирок курамында Th бар минералдардын ичинен табиятта салыштырмалуу көбүрөөк кездешет.

Кошундулары: Al, Fe, Pb, Са, Р, Ti, TR, Mg, Н20 ж. б. Тетрагон системасында кристаллданат. Өңү кара, күрөң, сары, кызгылт сары. Тунук эмес, чайырдай же майланышкансып жылтырайт. Катуулугу 4,5-5, тыгыздыгы 5,35 г/см3, морточо Радиоактивдүүлүгү өтө жогору. НС1до эрийт. Кычкылдуу жана жегичтүү интрузия тектеринин кристаллдашуусунун акыркы стадиясында пайда болот. Көпчүлүгү пегматиттерде жана чачынды ореолунда таралган. Гранитоиддердин акцессор (кошунду) минералы катары да кезигет. Ториттин өзүнчө кени жокко эсе, көбүнчө кен чачындысынан циркон, касситерит менен бирге алынат. Торийдин кенташы. Кыргызстанда Айдаркен сымап Keminde (Көпүрөөлүү-Сай, Кожа-Ашкан) кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4