Торпеда

Википедия дан

Торпеда - душмандын объектилерин жок кылуучу, суу астында өзү сүзүүчү, өзү башкарылма снаряд.

Торпеда алып жүргүч каражаттын тиби боюнча кемеде жана самолётто алып жүрүлмө, кыймылдаткычынын тиби боюнча буу-газдуу электр жана реактивдүү болуп бөлүнөт. Траекториясынын формасы боюнча түз учма, маневр жасагыч, өзү мээлегич болуп айырмаланат. Торпеданын уз. 5,58,6 м, диаметри 45-60 см.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4