Торуайгыр, көрүстөн

Википедия дан

Торуайгыр көрүстөнү – усун жана байыркы түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Торуайгыр кыштагынан 1,7 км түндүк тарапта. 200дөй дөбө мүрзөдөн турат. Алардын көпчүлүгүнө тегерете таш тизилген. Көрүстөндүн аймагынан балбалдар жана эчки, бугу, жылкы ж. б. айбандардын сүрөттөрү чегилген таштар кездешет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.