Торчо методу

Википедия дан

Торчо методу - дифференциал, интеграл жана интеграл-дифференциал төңдемелеринин чыгарылыштарынын жакындаштырылган методдор тобунун жалпы аты.

Торчо методунун кецири колдонулушу анын өтө универсалдуулугу жана ЭЭМде жөнөкөй ишке ашырылышы менен түшүндүрүлөт. Торчо методунда теңдеменин аргументтеринин үзгүлтүксүз өзгөрүү облусу дискреттүү чөкиттердин көптүгү (торчо) менен алмаштырылат; үзгүлтүксүз аргументтүү функциянын ордуна торчонун түйүнүндө аныкталуучу жана торчо функциясы деп аталган дискрөттүү аргументтүү функциялар каралат; теңдемеге кирген туундулар, чет жана баштапкы шарттар катыштардын айырмалары менен суммаланат, интегралдар квадраттык (экинчи даражадагы) формулалар менен аппроксимацияланат.

Мында алгачкы теңдеме алгебр, теңдеменин системаеы менен алмаштырылат. Эгер ушундай алынган торчо теңдемесинин системасы чыгарылышка ээ болсо, анда ал чыгарылыш изделүүчү теңдеменин жакындатылган чыгарылышы катары алынат. Торчо канчалык майда бөлүкчөлөргө бөлүнсө, теңдеменин чыгарылышы ошончолук тагыраак болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.