Тосор кербен, сарай

Википедия дан

Тосор кербен сарайы Ысык-Көл облусунун Тосор айылынын түндүк-батыш тарабында, анча бийик эмес дөңсөөдө жайгашкан. Сырткы түзүлүшү төрт чарчы формада болуп, каптал жактары түштүк-түндүк, чыгыш-батыш багытына дал келген. Дубал урандыларынын бийиктиги 2,5х3,5 м, пайдубалынын жазылыгы 14–18 м. Дубалдын бурчтарына кароол мунаралары тургузулган. Сарайга дубалдын ортосундагы дарбаза аркылуу киришкен, анын эки тарабына кошумча мунаралар орнотулган. Ал жерде колго одоно жасалган идиш-аяк сыныктары көп санда табылган. Дубалдарга айланта курулуш имараттарынын бөлмөлөрү жайгашылган. Ортодо кең аянтты ээлеген чарбак болгон. Мындай кербен-сарай б.з. 4–7-к-да Улуу Жибек жолунда кербенчилерди тейлеген жай катары пайдаланылган. А.Н. Бернштам жана Д.Ф. Винник тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.