Тосор марганец-вольфрам кени

Википедия дан

Тосор марганец-вольфрам кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Балыкчы–Каракол автомобильжолунан 25 км түштүктө. 1959-ж. ачылган. 1971–72-ж. кенге баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери жана гранит интрузиясы түзөт. Марганец кени гранитти кендик багытта кесип өткөн тектоникалык жараканы бойлой жайгашкан. Гранит неогендин чөкмө тектеринин брекчиясы менен жабылып жатат. Брекчиянын тектоникалык жаракалар зонасы менен кошулган жеринде марганец-вольфрам рудасынын линза сымал тулкулары бар. Бардыгы 10 руда тулкусу аныкталган. Алардын ичинен үчөө жакшы изилденген. Руда тулкусунун узундугу 200 м, калыңдыгы 0,55–7,75 м. Марганецтин орточо өлчөмү 2,58%, вольфрам кычкылыныкы – 0,3%. Үч руда тулкусунун запасы жана болжол ресурсу 1333,4 миң т, марганецтики – 31,4 миң т, ошондой эле вольфрам кычкылыныкы – 0,2 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]