Тоялиев Самат

Википедия дан

Тоялиев Самат – акын. Талас районунун Сасык-Булак айылында 1978-жылы 11-декабрда туулган. 1985–1996-жж. өз айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектепте окуп, 2001-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2001–2004-жж. аталган окуу жайдын аспирантура бөлүмүндө кыргыз филологиясы адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 1998-жылы “Студенческий меридиан” гезитинин кабарчысы болуу менен баштаган. 2001–2002-жж. БГУнун эл аралык бөлүмүндө котормочу, кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 2004-жылы “Бийиктик” басмасында корректор, 2005–2009-жж. “Шоокум” журналында корректор, бөлүм башчы, басма координатору, жооптуу редактор, 2006-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматында котормочу болуп иштеп келет.

Чыгармачылык менен мектеп жашынан алектенип, ырлары, котормолору 1995-жылдан республикалык басылмаларда жарыялана баштаган. Алгачкы чыгармачылык ийгиликтери үчүн 1998-жылы “Мээрим” эл аралык кайрымдуулук фондунун стипендиаты, 2000-жылы “Үмүт” президенттик стипендиясынын лауреаты болгон.

2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көөдөндөгү көктөм: Ырлар. – Б.: БГУнун басманакасы, 2001. – 56 б.

Алымкул деген ким эле?: Документалдуу очерк. – Б.: Алтын тамга, 2007. – 52 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]