Традиция

Википедия дан

Традиция (лат. traditio - салт маанисинде) - өткөн мезгилдеги адабий өнүгүштүн же жазуучунун калтырган, адабий процесске же жеке жазуучунун чыгармачылык өсүшүнө таасир берүүчү булак катары колдонулган идеялык-көркөмдүк табылгалары.

Салтсыз адабий процесс өнүкпөйт. Кыргыз жазма адабиятынын пайда болуп, өнүгүшү үчүн алгач кыргыз фольклорунун жана акындардын чыгармачылык салттары, экинчиден, орус жана боордош чет элдер адабияттарынын салттары таасир этти. Салтты билгичтик менен пайдалануу эч убакта жаңычылыктын жолун тоспойт, кайра ага нарктуу таасир көрсөтүп турат, салтты тануу менен жаңычылык жаратууга мүмкүн эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4