Традициялар

Википедия дан

Традициялар (латынча traditio – берүү) – көркөм искусстводо – заманбап көркөм искусствонун алдында турган милдеттерди аткарууда кабыл алынып колдонулуучу өткөн замандын жетишкендиктери. Т-ды сактоо мурунку мектептердин бийик көркөм формалары менен реалисттик ыкмаларын окуп үйрөнүү жана алардын ишин улантуу үчүн керек. Бул үчүн өткөн замандын көркөм искусствосунун мыкты, жашоого жөндөмдүү, демографиялык элементтерин аң-сезимдүү, сын көз караш менен тандап алуу жана аларды тике кайталап көчүрүү эмес, азыркы мезгилдин талаптарына ылайык чыгармачыл өнүгүшү эң зарыл шарт болуп эсептелет. Эски үлгүлөрдү ойлонбой сокур ээрчүү көркөм искусствону турмуштан алыстаткан начар тардициялуулукка алып келет. Алар антик көркөм искусствосун өзгөрбөс, туруктуу догма катары кабыл алышкан. Башка жагынан Т-ды баалабоо жана тар максаттагы «новаторлукту» талап кылуу көркөм өнөрдү жок кылууга багытталган көркөм нигилизмдин калдыгы болуп эсептелет, себеби көркөм искусство тарыхый тамыр – негиздеринен ажырап өнүгө албайт. Чыныгы прогрессивдүү жаңычылдык көркөм мураска аяр мамиле кылуунун, Т-ды терең жана сын көз караш менен кабыл алуунун негизинде ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]