Традициялык коом

Википедия дан

Традициялык коом — агрардык коомду түшүндүрөт.

Калктын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашап, айыл-чарбасына тиешелүү примитивдүү эмгекке же өнөргө негизделген жөнөкөй өндүрүштүн үстүндө эмгектенишет. Традициялык коом өзүнүн көпчүлүк мүчөсүнүн жекече статусу төмөн, тигинен же туурасынан социалдык ыкчамдыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жок, жабык социалдык структурасы менен айырмаланат. Бул жакта турмуш-тиричиликтин бардык түрүнө диний аң-сезим үстөмдүк кылса, саясий бийлик өзүнүн авторитардык мүнөзү менен чектелет. Традициялык коом жаратылышы жагынан солгун болуп, инновацияга да тоң моюндук кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8