Трапеция

Википедия дан

Трапеция (гр. trapezion сөзмө сөз - столчо) - эки жагы параллель, калган эки жагы параллель эмес томпок төрт бурчтук.

Параллель жактары Трапециянын негиздери, параллель эмес жактары каптал жактары, ал эми каптал жактарынын ортосун туташтыруучу кесинди Трапециянын орто сызыгы деп аталат. Орто сызыгы негиздерде параллель жа ал негиздердин суммасынын жарымына барабар. Тнын каптал жактары конгруэнттүү болсо, тен жакту, каптал жагынын бири негизине перпендикуляр болсо, тик бурчтуу Трапеция деп аталат. Параллель жактарынын арасындагы эң кыска аралык Трапециянын бийиктиги делет. Трапециянын аянты: S=(a+&)ft/2, мында а,Ь - негиздери, h - бийиктиги. Ийри сызыктуу Трапеция - [a, b] кесиндисине берилген, терс эмес үзгүлтүксүз f функциясынын графиги менен чектелген фигура. Ийри сызыктуу Трапеция термини математикалык анализдин башталышында, интеграл эсептөөлөрүндө көп колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4