Тред-юнионизм

Википедия дан

Тред-юнионизм

1) тред-юниондор кыймылынын адабиятта кездешчү аты;

2) Шумушчу жана профсоюз кыймылдарындагы агымдын жана (өтө тар мааниде) реформачыл идеологиянын бир формасын белгилөөчү термин. Тред-юнионизм жумушчу кыймылынын максатын профессиялык күрөш менен чектейт. Ал жаңыдан өнүгө баштаганда (18-кылымдын аягы - 19-кылымдын башы) жумушчу уюмунун алгачкы формасы катары пролетариаттын биригишинде жана өз күчүн түшүнүүдө белгилүү роль ойногон. Бирок ошондо эле Тред-юнионизмдин чектелгендиги байкалып, жумушчу кыймылын пролетариаттын негизги милдетинен - каиит. эксплуатация системасын жоюудан алагды кылган.

Тред-юнионизм 19-кылымдын ортосунда башка өлкөлөргө Караганда Англияда кеңири тараган. Тред-юнионизм жумушчу кыймылына илимий социализм идеясынын тарашына тоскоол болуп, жумушчу табынын революциячыл, марксчыл партияларды түзүүсүн кечеңдеткен. Орусияда Тред-юнионизм идеясын «экономисттер» тараткан. Жумушчу кыймылынын жана андагы прогрессчил агымдардын күчөшүнөн улам Тред-юнионизм бара-бара өз алдынчалыгын жоготуп, 20-кылымдын башында реформизм чегандеги оппортундүк башка агымдар менен бириккен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.