Трематодалар

Википедия дан
Helicometra sp.

Трематодалар (англ. Trematoda) - жалпак курттар тибинин классы.

Трематодалар омурткалуу жаныбарлар менен кишинин, ал эми личинкалары омурткасыздардын, моллюскалардын митеси. 7000дей түрү белгилүү. Алардын денеси жалпак, созуңку, жалбырак сыяктуу. Уз. мм дин үлүшүнөн бир нече смге жетет. Денеси эпителий менен капталып, алдында ооз соргучу, курсак бөлүгүндө боор соргучу жайгашкан. Трематодалардын тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, нерв жана жыныс органдары бар, кан жүрүү жана дем алуу системалары жок. Көбү - гермафродиттер. Дээрлик бардыгы жумуртка, бир азы тирүү тууйт. Түктүү личинкалары (мирацидий) биринчи аралык ээси - моллюскага жугат. Моллюсканын денесинде мирацидийден кыймылсыз спороциста, андан редия, редиядан куйруктуу, кыймылдуу личинка - церкарий пайда болот. Церкарий моллюсканын денесинен чыгып, андан аркы өөрчүшү экинчи же акыркы ээси-омурткалуунун денесиндө өтөт. Трематодалар омурткалуулардын ар кандай органдарывда (тамак сиңирүү, дем алуу, бөлүп чыгаруу ж. б.) жашайт. Трематодалар трематодоздордун козгогучу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.