Трепел

Википедия дан

Трепел (нем. Tripel, Түндүк Африкадагы шаардын атынан) - борпоң же начар камдашкан, абдан женил жана майда көзөнөкчөлүү чөкмө тоо тек; опал кремнезёмунун микроскопиялык бүртүкчөлөрүнөн турат, диатомитке окшош, бирок андан айырмасы органикалык калдыктар дээрлик кезикпейт.

Ак жана боз түстөн баштап күңүрт-боз, коңур, караларына чейин кездешет. Тыгыздыгы 1200-2500 кг/мъ. Монолиттеги көлөмдүк салмагы 700-1250 кг/м3. Көзөнөкчөлүүлүгү 5070%. Бекемдиги 30-35 кг/см2. Өндүрүлгөн Трепелдин 75%тен ашыгы цемент өнөр жайында, 24% ке жакыны жылуулук өткөзбөөчү жана курулуш материалдарын жасоодо, ошондой эле чыпкалоочу жана сайкалдоочу материал катары да колдонулат. Кыргызстанда Трепелдин запастары Чангыр-Таш кенинде 47 миң т жана Балыкты кенинде 87,45 мин т табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4