Трескалар

Википедия дан
Gadus morhua.

Трескалар (лат. Gadidae) - балыктардын треска сымалдар түркүмүндөгү тукуму.

Жон сүзгүчү 1-3, арткы сүзгүчү 1-2, денеси түрпүлөр менен капталган. 21 урууга кирген 53 түрү бар. Алар -майда (гадикул, сайка), орточо (пикта, навага) жана чоң (треска, мольва) балыктар. Россияда Баренц деңизинде көп, Кара, Балтика, Ак деңиздерде да кездешет. Трескалар топтошуп, суу түбүндө жашайт, чоңдору - жырткыч балыктар. Бир нече миңден млн-го чейин уругун таштайт. Трескалардын майы А жана Д витаминине бай. Трескалар промыселдик мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.