Трибоэлектр

Википедия дан

Трибоэлектр (гр. tribos - сүрүү) - эки нерсени бири бирине сүрүүдөн пайда болгон электр заряды.

Мында эки нерсе тең электрленет, бирок алардын алган заряддары абсолюттук мааниси боюнча барабар, белгилери боюнча карама-каршы болот. Эки диэлектрик сүрүлүшкөндө кайсынын диэлектрдик өткөрүмдүүлүгү чоң болсо, ошонусу оң заряддалат. Трибоэлектр көпчүлүк өндүрүш процесстеринде пайда болуп, статикалык заряддардын керексиз топтодушуна алып келет. Заряддар топтолбосун үчүн металл тетиктер жердештирилет, аба иондоштурулат ж. б. чаралар көрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.