Триптих

Википедия дан

Триптих (грекче triptychos – үч бүктөлгөн) – живопись чыгармасы (сейрек графика же рельеф түрүндөгү скульптура катары). Ал жалпы бир темадагы өз алдынча турган үч бөлүктөн турат. Т-тин ортоңку бөлүгү өзүнүн мазмунунун маанилүүлүгү жана көлөмү менен айырмаланып турат. Сейрек Т. бир полотнодо аткарылышы мүмкүн жана бул учурда анын башка бөлүктөрү жээктер менен ажыратылып турат. Т. өткөн замандын батыш европалык көркөм искусствосунда рельефтик же живопись сүрөттөрү бар үч бөлүктөн турган бүктөм Т. айрыкча XIV–XVI кылымдарда кеңири тараган жана көп учурда бир кыйла көлөмдөгү алтардын үстүндөгү композиция катары кездешкен, Диптих, Полиптих менен салыштыр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]