Тристан-да-Кунья

Википедия дан

Тристан-да-Кунья (Tristan da Cünha) - Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндөгү аралдар тобу.

Улуу Британиянын «деңиздеги алыскы аймагы». Пасха жана Питкэрн а. сыяктуу дүйнөдөгү калк отурукташкан эң алыскы аймактардын бири. Ал Түштүк Америкадан 3360 км Ыйык Елена а-нан 2161 км жана ТАРдан 2816 км арлыкта жайгашкан. Аянты 201 (эң ири аралыныкы 117) км2. Калкы 260тай киши (2008). Жанар тоо конусунан пайда болгон 4 аралдан турат. Аянты км2. Анда Эдинбург калктуу конушу жайгашып, анын тургундары дүйнөнүн континенттик бөлүктөрүнөн эң алыс жашагандардан болуп саналат. Калган аралдарында илимий базалар жана метеостанциялар бар. Балык кармалат. 1506-ж. аралды ачкан португалиялык деңиз саякатчысынын ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4