Трифонов Юрий Иванович

Википедия дан

Трифонов Юрий Иванович, археолог, Трифонов Юрий Иванович, археолог, Түштүк Сибирди (Тува) изилдеген ири окумуштуулардын бири. 1965-ж. Ленинград Мамлекеттик университетин аяктаган. Студенттик мезгилде белгилүү археолог М.И.Артамоновдон билим алган, скиф-сибирдик айбанаттар стилин жана анын чыгышка тараган ареалындагы бугуну иликтөөгө киришкен. 1962-ж. Н.Л.Членова тарабынан жарык көргөн «Скиф бугусу» аттуу илимий макаласы Ю.И.Трифоновго өтө катуу таасир калтырган. Талаа археологиясы тарабынан караганда 1963-1964 жж. Минусинск ойдуңундагы (Хакасия) Тагар маданиятына таандык Туран 1 жана Туран 2 деги казуу иштери өтө таасир берген. Бул экспедицияны атактуу археолог жана уюштуруучу А.Д.Грач жетектеген. Бул экспедициядан алган таасирлер кийинки өз алдынча археологиялык казуу иштерине жол ачып берген. 1965-ж. Ю.И.Трифонов СССР ИАсынын Ленинград бөлүмүнүн Саян-Тува экспедициясынын жетекчиси болуп иштейт. Борбордук Тувадагы байыркы коло, скиф, хунну, түрк (кыргыз), монгол, кийинки тывалардын эстеликтеринин катмарларын бир катар жылдар бою (1965-1971 жж) пландуу изилдөөгө алынган. Ю.И.Трифонов өзүнүн илимин жана күч-кубатын ушул мезгилден тарта байыркы скиф эстеликтерин иликтөөдөн байыркы түрк эстеликтерин археологиялык изилдөөлөргө арнаган эле. Азыркы Туванын аймагынан Ю.И.Трифонов тарабынан Аргалыкты 1, 2, 9, Кара-Тал ж.б. эстеликтер ачылат. Бул эстеликтерден байыркы түрктөргө (кыргыздарга) таандык ээр, ат шаймандары, кытай жибегинин калдыктары ж.б. буюмдар табылган. Бул табылгалар С.Теплоухов, С.И.Вайнштейн, А.Д.Грачтын Тува боюнча изилдөөлөрүн толуктаган.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Г.В. Длужневская, Д.Г. Савинов. Археолог Юрий Иванович Трифонов (1940-1989).
  • // Памятники древнетюркской культуры в Саяно-Алтае и Центральной Азии. Новосибирск: 2000. С. 203-210.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015