Троллейбус

Википедия дан

Троллейбус (англ. Trolley - тиймек зым, роликтүү ток кабылдагыч жана bus - автобус) - электр энергиясын тиймек зымдан алып, рельссиз жолдо жүрүүчү шаар транспорту.

Троллейбусту конструкциялоодо тиймек зымынан электр тогун алуу техникалык кыйын маселе болгон. Бул маселени чечүүдө асфальтталган жолдун болушу зарыл. Троллейбусту түзүү иши алгач 19-кылымдын 80-жылдарында Германияда башталган. СССРде биринчи Троллейбус 1933-ж. курулуп, 1934-ж. Москвада жүргүзүлгөн. Бишкекте Троллейбус линиясы 1951-жылдын 13-январынан иштей баштаган. Троллейбустун автобус жана трамвайдан артыкчылыгы рельссиз жолдо жүрөт, жакшы маневрдүүлүгү жана дүрүлдөбөйт, арзан энергия пайдаланылат, чала күйгөн газ чыгарбайт, эксплуатациясы жөнөкөй жана ишенимдүү; кемчилиги - электр энергиясын алуусу татаал. Эки жана көп октуу кошмо Троллейбус чыгарылат. Эки октуу Троллейбустун өлчөмү: уз. 10-12 м, туурасы 2,5 м, бийиктиги 3,2-3,4 м, ылдамдыгы 65-70 км/с, сыйымд. 50-70 киши. Троллейбустун негизги электр жабдууларына туруктуу токтун күч бергич электр кыймылдаткычы, жарык кылуу жана сигнал берүү аппараттары, ал эми механикалык бөлүгүнө трансмиссия, жүрмө бөлүгү, башкаруу органы кирет. Жалпы жол тармактарын жакшыртуу менен Троллейбус улам кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4