Тромбон

Википедия дан

Тромбон (итал. tromba - түтүк) - жез үйлөмө музыкалык аспап.

Түтүгү өтө узун, ооз жагы кенен. Латын алфавитиндеги У тамгасы сымал түтүгүнүн бир бөлүгү жылып турат. Анын жардамы менен түрдүү добуш алууга болот. Тромбон симфониялык, үйлөмө жана эстрадалык оркестрлерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.