Трофика деңгээли

Википедия дан

Трофика деңгээли, азыктануу деңгээли азыктануу тиби боюнча биргелешкен организмдер жыйындысы.

Трофика деңгээли жөнүндө түшүнүк энергия агымынын динамикасын түшүнүүгө жана анын трофикалык (азыктануу) структурасын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Автотрофтуу организмдер (негизинен жашыл өсүмдүктөр) биринчи (продуденттер), өсүмдүк менен азыктануучулар - экинчи (биринчи катардагы консументтер), өсүмдүк жечү жаныбарлар менен азыктануучу жырткычтар - үчүнчү (экинчи катардагы консументтер), экинчилик жырткычтар - төртүнчү (үчүнчү катардагы консументтер) Трофика деңгээлиин ээлейт. Бирок Трофика деңгээли чексиз эмес, себеби, энергиялык запас белгилүү өлчөмдө гана болуп, энергия бир нече деңгээлден (биринчи, экинчи, үчүнчү ж. б.) өтүп, жоголуп, акырында энергиянын түгөнүүсү менен бүтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4