Трофика тизмеги

Википедия дан

Трофика тизмеги, азыктануу тизмеги - организмдердин өз ара мамилелери, ал аркылуу экосистемада заттардын жана энергиянын трансформациясы (айлануусу) жүрөт.

Адатта ар бир турдун азыктык курамын бир эмес, бир нече түрлөр түзүп, ошол эле учурда өзү да башка бир канча түрлөргө азык болот. Биоценоздогу азыктык байланыш же Трофика тизмеги организмдерди бири бирине энергиялык жактан көз каранды кылып, биоценоздук системанын туруктуулугун камсыз кылууда чоң роль ойнойт. Трофика тизмеги канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору болот. Ошондой эле биоценоздогу Трофика тизмегин түзгөн организмдер сандык жана сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды болот. Эгерде бир түрдүн саны көбөйүп же азайып кетсе, анда экинчи бир түрдүн санынын азайышына же көбөйүшүнө алып келет. Мис., энтомофаг жаныбарлардын санынын азайышы, алар азыктануучу фитофаг курт-кумурскалардын санынын көбөйүшүнө алып келет. Эгерде биоценоздо бир түр азайып же жок болсо, анда ошол эле биоценоздо анын ордун башка түрлөр ээлейт, к. Биоценоздогу организмдер байланышы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4