Троя

Википедия дан
Троя.

Троя, Илион - Кичи Азиянын түндүк батышындагы байыркы шаар.

Троя согушу жөнүндөгү байыркы грек эпосунан белгилүү болуп, Гиссарлык дөбөсүн архитектуралык казууда 1865-ж. табылган. Кийин археологдор Г. Шлиман (1871-жылдан), В. Дёрпфельд (189394) жана К. Блеген (1932-38) казуу жүргүзгөн.

Троядагы алгачкы турактар б. з. ч. 4-3-миң жылдыктардын тоготунда негизделген. Троя коло доорунда Кичи Азиянын ири борбору болуп, 2-миң жылдыкта гүлдөн турган. Буга троя казынасынан табылган буюмдар далил. Уламыштарга Караганда Трояны б. з. ч. 12-кылымда ахейликтер талкалаган. 400 жыл өткөн соң б. з. ч. 700-ж. ченде гректер Троянын оодуна жаңы шаар куруп, аны жаңы Илион атаган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.