Трубадур

Википедия дан

Трубадур (франц. trobar - табуу, ыр чыгаруу) - Франциянын Провансаль аймагында 11-14-кылымдарда жашаган акындар, ырчылар.

Алардын чыгармачылыгы ошол замандын өзгөчөлүгүн, рыцарлар эрдигин, алардын сүйүүсүн, табият кооздугун, эрке айымдар сулуулугун чагылдырган ырлардан турган. Чыгармачылык ыкмасы боюнча (өзүлөрү ыр жазышкан, обон чыгарышкан жана аңы өзүлөрү аткарышкан) Трубадур кыргыз акын-ырчыларына жакын. Ал жакындык заманбап (феодалдык доор) типологиялык окшоштуктар экендиги талашсыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.