Тулга алуу

Википедия дан

Тулга алуу, кара кийгизүү - кыргыздарда эзелтеден келе жаткан аялдын өлгөн күйөөсүнө аза күтүү салты.

Жесир калган аял (өлгөн эркектин энеси, эже-карындаштары да) эри өлгөн күндөн сырга, билерик, шакектерин чыгарып, кара же көк көйнөк кийген. Жесирге караны төркүндөрү салган. Эгер караны аялдын кайындары салса, ал аталып салынган кара делип, жесирдин «башы байланганын» билдирет. Демек, күйөөсүнүн ашы берилген соң, кайнагасына же кайнисине нике кыйылган. Бул салт байыркы экзогамиялык никени чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4