Тунгус-манжур тилдери

Википедия дан

Тунгус-манжур тилдери - болжол менен алтай тил уясына киргизилген тектеш тилдер тобу.

Сибирь, Моңголия жана Түндүк Кытай аймактарына тараган. Топчолору: түндүк (Сибирь) - эвенк, эвен, негидаль, солон тилдери; түштүк (Амур бою) - нанай, ульч, орок, удэгей, ороч тилдери; батыш (манжур) - манжур жана өлүү чжурчжэнь тилдери. Тунгус-манжур тилдеринин башка классификадиялары да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4