Тундурмалар
Көрүнүш
Тундурмалар (настойкалар) — дары өсүмдүк сырьёсун спиртке, спирт менен сууга же спирт менен эфирге чылоодон алынган тунук суюктуктар. Алар химиялык-фармацевтикалык заводдордо белгилүү технол. норма боюнча жасалат. Тундурмалар тамчылатып ичилет, көпкө сакталат. Караңгы жерде бөлмө температурасында бек жабылган айнек идиште сактоо зарыл.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8