Туннель эффекти

Википедия дан

Туннель эффекти – толук энергиясы потенциалдык барьердин бийиктигинен кичине болгон микробөлүкчөнүн бул барьерден өтүп кетүүсү.

Туннель эффекти кванттык табиятка ээ кубулуш, мындай кубулуш классикалык механикага ылайык орун алышы мүмкүн эмес.

Туннель эффекти аныксыздыктар катышынын негизинде түшүндүрүлөт (к. Кванттык механика). Эгерде классикалык бөлүкчөнүн энергиясы ε потенциалдык барьердин бийиктиги Vдан кичине болсо (ε<V), бөлүкчө потенциалдык барьердин ичинде боло албайт, анткени бул учурда бөлүкчөнүн кинетикалык энергиясы терс, ал эми анын импульсу p – жалган (мнимый) чоңдук болуп калат (m – бөлүкчөнүн массасы). Бирок микробөлүкчө үчүн мындай тыянак туура болбойт; аныксыздыктар катышына ылайык, бөлүкчөнүн барьердин ичиндеги мейкиндиктик абалын так аныктаган учурда, анын импульсун так аныктоого мүмкүн эмес. Ошондуктан классикалык механиканын көзкарашынан алганда тыюу салынган аймакта микробөлүкчөнү табуунун ыктымалдуулугу нөлдөн айырмалуу. Тиешелүү түрдө бөлүкчөнүн потенциалдык барьерди “көзөп” өтүшүнүн анык бир ыктымалдуулугу пайда болот. Ушул себептүү Туннель эффекти орун алат. Барьерди көзөп өтүүнүн ыктымалдуулугу – Туннель эффектинин физикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоочу башкы фактор.

Туннель эффектинин атомдук физикадагы мисалы катары атомдун күчтүү электр талаасында автоиондошуусун жана күчтүү электр-магниттик толкундун талаасында иондошуусун келтирүүгө болот. Радиоактивдүү ядролордун а-ажыроосунун негизинде Туннель эффекти жатат. Термоядролук реакциялар Туннель эффектисиз жүрмөк эмес. Туннель эффекти кубулушуна мисалдар катуу нерсенин физикасында өзгөчө көп кездешет: автоэлектрондук эмиссия, эки жарым өткөргүчтүн (контакттык) тийишүү катмарындагы кубулуштар, Жозефсон эффекти ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]