Турган ордунан жылдырмай

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны: 2—10 киши. Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар экиден болушуп, бир-бирин карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир бирин он колдору менен кармашышып, буттарын желкелеринин ээнинчелик коюшуп, кармашкан колдорун коюп жиберишпестен турган ордуларынан жылмышпай тартышып ордуларынан жылдырышууга аракеттенишет. Оюнчулар бир бирин турган ордуларынан жылдырышкандан кийип, аттандаштары менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп атаандаштарын ордунан тартып жылдыргн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кармашкан колдорду коюп жиберүүгө, экинчи колдору менен жардам берүүгө, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күчкө, ийилчээктикке тарбиялайт, тырышчаактыкка, туруктуулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]