Тургумбаев, Жеңишбек

Википедия дан

Тургумбаев Жеңишбек (1950-ж. т., Кара-Буура району, Саткей айылы) — инженер-механик, техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1994).
1973-ж. Бишкек политехника институтун (БПИ) бүтүргөн. 1973—76-ж. БПИде ассистент, 1976—79-ж. Москва автомобиль жолдору институтунун аспиранты, 1980—88-ж. БПИде улук окутуучу, 1988—89-ж. ошол эле институтта доцент, 1990—92-ж. Москвадагы транспорт курулушу боюнча илимий-изилдөө институтунда докторант, 1992-ж. Кыргыз архитектура-курулуш институтунун (КАКИ) профессору, 1993-жылдан ушул институттун илимий иштери боюнча проректору.
Илимий иштеринин негизги багыттары: өзгөчө абалдарда (суу катмарынын алдында, тоолуу шарттарда) курулуш, жол машиналарынын жана жабдууларынын натыйжалуулугун жогорулатуу; жер титирөө жана башка кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча механизмдер каражаттарын иштеп чыгуу. Жүзгө жакын илимий иштери басылып чыккан, анын ичинде отуздайы ойлоп табуучулук (патенттер). «Топуракты суу алдында талкалоо процесстерин моделдөө жолдору» окуу куралынын автору (1993). «Москва шаарынын жаш ойлоп табуучусу» (1979), «СССРдин ойлоп табуучусу» (1981) ардак наамдарынын ээси.
Санкт-Петербургдагы Эл аралык Транспорт Академиясынын академиги (1994). КАКИде курулуш жана жол машиналары, автомобилдер жана тракторлор адистиктеринен диссертация коргоо боюнча адистештирилген кеңештин төрагасы (1993).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.