Турдакунова Шарапат

Википедия дан

Турдакунова Шарапат - жазуучу, журналист, диктор. Балыкчы шаарында 1947-жылы 1-декабрда туулган. 1966-жылы Караколдогу мектеп-интернатын аяктап, 1966-жылы Актерлор үйүндөгү жаштар театрын уюштуруунун аракетиндеги алгачкы топ менен окуган. 1966-жылдын апрель айынан Кыргыз радиосунда диктор, 1970-1979-жж. Ош облустук телерадиодо диктор болуп иштеп, 1974-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинен билим алган.

1979-1982-жж. Ош облустук радионун бөлүм башчысы, 1982-жылдан Кыргыз улуттук телерадио компаниясында иштеп келген.

Ш.Турдакунова «Ишкер айым» телесынагынын, «Бала тарбиясы жана бүгүнкү күн», «Кырдаал», «Кызматтан кийин аттуу сатиралык клуб», «Бабалардан калган сөз» ж.б. көптөгөн долбоорлордун автору.

2000-жылы «Кыргыз телерадиокомпаниясынын отличниги» наамына, 2004-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамотасына, 2004-жылы «Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине ээ болгон.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толкундар: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 64 б.

Алтын дарбаза: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1986. - 72 б.

Аккуулар сени сагынат: Повесттер, пьесалар. - Б.: Бийиктик, 2003. - 192 б.

Чалмакей: Тамашалуу аңгемелер, монологдор, сценкалар, котормолор. - Б.: Бийиктик, 2003. - 64 б.

Үмүтүмдүн каркырасы: Повесть, аңгемелер, пьесалар, монологдор. - Б.: Бийиктик, 2003. - 148 б.


Орус тилинде

Прости меня, незнакомка: Повести, рассказы. - Б.: Бийиктик, 2003. - 152 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]