Токтосун Турдалиев

Википедия дан
Турдалиев Токтосун‎»‎ барагынан багытталды)
Токтосун Турдалиев
Ишмердүүлүк тармагы:

акын, жазуучу

Туулган датасы:

28 -июль 1962(1962-07-28) (61 жаш)

Туулган жери:

Боспиек, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Атасы:

Сатылган Турдалиев

Апасы:

Бүбиниса Ботоева
(Бүниса Турдалиева)

Жубайы:

Кандалат Турдалиева

Токтосун ТурдалиевКыргызстандык акын жана жазуучу. «Канаттуунун каргышы» дастанынын автору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтосун Турдалиев 1962-жылдын 28-июлунда Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Боспиек айылында төрөлгөн.Бала чагынан тарта чыгармачылыкка жакын өсүп бирок эл оозуна акын катарында "2005 жылы Аксы окуясынан каза болгондорго арналган" «Он гүлүңдүн бир гүлү ачылбады» - деген ырынан соң тааныла баштаган, ал ырды чыгарганга чейин эле «Канаттуунун каргышы» деген дастаны эл арасында ырдалып жүргөн. 1984-жылы аскердик кызматын өтөп келген соң, райондук гезиттердин биринде журналист болуп иштеген.

Белгилүү ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Канаттуунун каргышы» — Кыскача мазумуну: Дастанда "Аалым" - деген кишинин окуясы баяндалат.Анда Аалым жаш кезинен канаттууларга өч чыгып "аларды жок кылам" - дген ой менен чоңоёот. Үйлөнгөндө да бул адаты калбай, бир жолу балапды өлтүрүп алат, аны айланчыктаган энеси Аалымды каргаган болот. Ал картайганда балалуу болуп, баласы белгисиз ооруудан көз жумат. Ошондо гана канаттуунун каргышы экенин түшүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. илл. ISBN 978 9967-14-055 -4

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]