Турдиев Султаназар

Википедия дан

Турдиев Султаназар (1924-жылы Өзгөн району, Кош-Булак кыштагында туулган) — пахтачы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1949) 1951-жылдан КПСС мүчөсү. 1942-жылдан «Эркин-Тоо» колхозунда иштей баштаган, 1944-жылдан эгин өстүрүү звеносуна башчы. 1948-ж. анын звеносу 20,5 га аянттын гектарынан 29,2 цден эгин бастырган. 1960-74-жылдары «Яссы» совхозунда жумушчу, кийин баш чабан болуп иштеген. 1974-жылдан «Кыргызстандын 50 жылдыгы» атындагы совхоздун баш чабаны.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.