Турдубек Усупбеков

Википедия дан

Усупбеков, Турдубек (1906, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талдысуу айылы–1943) – Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан; Кыргыз атчандар армиясынын алгачкы командирлеринин бири. 1926–37-жылдары жаңыдан уюшулган Кыргыз атчандар кошуунунда (кийинчерээк армиянын) дивизиондун чалгынчысы, кошуундун командири, взвод командири, дивизиондун саясий жетекчиси жана башка жетекчилик кызматтарда иштеген.

1938–39-жылдары Усупбеков «Социал-Туран пар-тиясынын» мүчөсү деген жалаа менен репрессияланган, бирок кийин кайрадан акталып чыккан. 1939–40-жылдары Түп районунда башкы агротехник, инструктор, ошол эле жердеги мектепте мугалим болуп иштеген. 1941–43-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жоокерлерди согушка даярдоо бөлүгүнүн командири, Москва, Курск–Орел, Украина фронтторунда взводдун, аба-десанттык ротанын командири болгон. Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]