Турдугулов Али Турдугулович

Википедия дан

Турдугулов Али Турдугулович (3. 8. 1961ж. т., Өзбек ССРи, Наманган обл., Касан-Сай ш.) - адабиятчы, КР билим берүүсүнүн отличниги (1994), филология илимдин доктору (2010), проф., (2011).

1979-ж. Пржевальск шаарындагы педагогика институтта окуган. 1987-ж. КМУну бүткөн. 198789-ж. Шакафтар мектеп-интернатында мугалим, 1989-92-ж. аспирант, 1992-96-ж. Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер, доцент, 1996-2011-ж. С. Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде декан, Кыргыз-кытай институтунун директору, 2011-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун юрид. институтунун алдындагы Илим, инновация жана мамлекеттик тил борборунда директордун орун басары. Турдугулов - 5 окуу китептин, 2 монографиянын, 5 окуу куралдын, 2 окуу программанын, 1 стандарт, билим берүүнүн европ. стандартына ылайык 5 силлабус, адабий билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттын, 270тен ашык илимий макаланын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4