Мазмунга өтүү

Туристтик уюмдар

Википедия — ачык энциклопедия

Туристтик уюмдар — туристтик саякаттарды уюштуруучу жана туризмдин өнүгүшүнө жардам берүүчү улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлдеги коммерциялык же коммерциялык эмес мекемелер.

Туристтик уюмдар 19-кылымда Европа өлкөлөрүндө пайда болгон. Алгачкы туристтик мекемелер саякат жана экскурсияларды уюштурууга, коомдук эс алууну пландаштырууга багытталган.

Учурда дүйнө жүзүндө 13 миңден ашуун улуттук туристтик уюм жана 100гө жакын эл аралык туристтик уюм иш жүргүзөт. Эң ири эл аралык уюмдардын бири — Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм (World Tourism Organization, UNWTO), ал 1975-жылы түзүлгөн.

Кыргызстанда 1995-жылы туризм жана экскурсия боюнча республикалык кеңеш иштей баштаган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 210дан ашуун туристтик фирма расмий түрдө лицензия алып, эл аралык жана ички турларды уюштуруу менен алектенишет. Алар миңдеген кыргызстандыктарга чет өлкөлөргө саякат жасоого көмөк көрсөтүп келишет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4